Кадамжай: таза суу жок, тургундар көлчүктөн суу ичишүүдө
Новость

POST1RIGHT

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Арпа-Сай, Кара-Дөбө, Исфайрам айылдарында таза суу жок. Жергиликтүү тургундар көлчөктөрдөн суу алып тундуруп ичкенге аргасыз болууда. Каналдан суу алып ичүүбүз, азыр каналдарга суу келбей, мына мынтип көлчүктөн суу алуудабыз. Акимиат, айыл башчылар көңүл буруп койсо жакшы болмок, маселени чечип,- деген айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.