Кытайда оору жугузуу аракетин көргөндөр жазаланат
Новость KTRK/videograp

Кытайда оору жугузуу аракетин көргөндөр катуу жазаланат. Ал эми коронавирустан дарылануудан баш тарткандар кылмышкер деп эсептелет. Бул тууралуу дүйнөлук булактар жазды. Маалыматка ылайык, учурда коомдук жайларда атайылап башкаларга оору жуктуруу максатында түкүрүнүп жүргөндөр пайда болгон. Бийлик аларды саламаттык сактоо жаатындагы жана шалаакылык боюнча жоопко тартууну пландап жатат. 

Мындан тышкары, бийлик коронавируска чалдыккандар менен иштеп жаткан дарыгерлердин айлыгына кошумча акча төлөп берүүнү чечти. Мисалы, оорулуулар менен түз иштеген дарыгерлерге күнүнө 300 юандан, вирустун алдын алуу иштери менен алектенгендерге 200 юандан каражат чегерилет. Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 170 адамга жетти, ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 7 миңден ашты.