POST1RIGHT
Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Дооронбек Садырбаев көчөсүнүн тизеге жеткен баткак жолу боюнча "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. Бул көчөгө жергиликтүү тургундар 2007-2009 жылдары келип отуракташкан. Ошондон бери бир да жолу жогору жактан келип, тургундардын жашоосун көрүп кеткен жок. Мектеп окуучулары араң барып келишет, буттары баткакка тыгылып, чыгара албай убара, тизесине чейин ылай. Электр чубалгыларын өзүлөрү тартып алышкан. Кооптуу абалда турат. Карапайым элдин көйгөйүн эч кимдин иши да жок,- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.