Анын себептерин аныктап, абалдан чыгуунун чараларын кабыл алуу зарыл. Өкмөт башчы экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, аны жакшыртуунун илимий негизделген программасын ишке ашырууну тиешелүү тармактарга тапшырды. POST1RIGHT
Борбор калаадагы экологиялык абал шаардыктар жана шаардын тегерегиндеги жашоочулар үчүн бир кыйла олуттуу маселеге айланды. Ошону менен бирге, мамлекеттик органдардын, экологиялык уюмдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан борбордун экологиясына таасирин тийгизген көп факторлор айтылууда. Абаны бузган негизги факторлор катары баш калаадагы Жылуулук электр борбору, жеке секторлор, таштанды талаасы жана унаалардан чыккан уулу газ аталды.
Жыйындын катышуучуларынын пикиринде, экологияга байланышкан кырдаал өлкөнүн инвестициялык климатына таасир этет. Ар бир көйгөйдү чечүүнүн өзүнчө жолу бар. Мисалга, 2020-жылдын аягында таштанды талаасы боюнча маселе чечилет. Ал эми айрым суроолор боюнча шашылыш чечим кабыл алуунун зарылдыгы жок. Буга шаарды жашылдандыруу маселеси мисал.
Маселени чечүү үчүн илимий негизделген программа иштеп чыгуу тапшырмасын Премьер-министр тиешелүү мекемелерге берди. Бул максатта Биринчи вице-премьер-министрдин жетекчилиги алдында координациялык штаб түзүлгөн жана борбор шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуунун стратегиялык программасы иштелип чыккан. Өкмөт бул документти сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылат, биз баарыбыз экология чөйрөсүндөгү жакшырууларды сезүүбүз үчүн зарыл финансы каражаттары табылат деди өкмөт башчы.