Кыргыз-кытай чек арасы ачылар алдында Ветеренардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын адистери республиканын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө. "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда унааларды дыкат текшерип жатышат. POST1RIGHT
Ысык-Ата районундагы "Ак-Тилек" чек ара көзөмөл- өткөрмө пунктунда ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча адистер күнү-түнү иш алып барууда. Алар өлкөнүн аймагына кирген унааларды атайын дары-дармектердин жардамы менен зыянсыздандырууда. Башкы максат - ар кандай илдеттин алдын алуу.
Коронавирустун алдын алуу чараларынын алкагында Кыргызстандын аймагына кирген бардык жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлгөн.
Республикада коронавирус катталган жок. Эпидемиологиялык абал туруктуу. Ал эми көзөмөл-өткөрмө жайларында жасалып жаткан иштер дүйнөдө аталган вирустун жайылып жатышына байланыштуу аргасыз аракеттер.