Юстиция министрлиги "Мыйзам" мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. Бул тууралуу маалымат жыйында айтылды. Эми каалоочулар уюлдук телефондон тиркемени көчүрүп алып, коомдук талкууга чыккан мыйзамдын долбоорлору менен таанышып, ой- пикир калтыра алат.
Ошондой эле юридикалык жактарды онлайн каттоо долбоорун пилоттук режимде Бишкек менен Чүй облусунда иштеп жатканы белгилүү болду.
Эми 2020- жылы Юстиция министрлиги санариптештирүү системасын колдонууну өркүндөтөт.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"