Коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыяланды
Новость KTRK/videograp

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө абал тартибин киргизди. Ошол эле учурда уюмдун башчысы Тедрос Гебрейесус азырынча эл аралык каттамдар менен соодага чектөө киргизүүгө негиздүү себептер жок экенин билдирди. Коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө, тагыраак айтканда, 19 мамлекетте жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 31-январга карата 213 адам каза болуп, дагы 10 миңге жакын кишиге илдет жукканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, вирус алгач декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Көптөгөн өлкөлөр бул шаардагы жарандарын чыгарып кетип, кытай туристтерине виза берүүнү убактылуу токтотушту. Кытайдын өзүндө болжол менен 60 миллион адам жашаган бир нече шаар карантинге жабылды. Ал арада, Кытайдын Жугуштуу ооруларды аныктоо боюнча мамлекеттик лабораториясынын адистери бул илдетке каршы эмдөө каражатын сыноодон өткөрүүгө кеминде үч ай талап кылынарын билдиришти. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган акыркы он жылдагы алтынчы эл аралык маанидеги чукул кырдаал болуп калды. Буга чейин эбола менен зика вирустарына байланыштуу глобалдык эпидемия абалы жарыяланган.