POST1RIGHT
Каракол шаарынын Карла Маркс менен Ленин көчөсүнүн кесилишинде жол белгилер орнотулган эмес. Карла Маркс көчөсүндө негизги жол деген жол белги жок болгондуктан, айдоочуларга бир топ эле ыңгайсыздык жаратып жатат. Шаар мэриясы дал ушул маселени чечип, жол белгилерди орнотуп берсе жакшы болмок. Себеби ар кандай жол кырсыктары катталып кетиши толук мүмкүн,- деген автор "Элдик репортерго" видео жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.