Токойдогу кыйылып жаткан бак-дарактар мыйзамдуубу?
Новость

POST1RIGHT

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Сарайсай жайлоосундагы токойдогу бак-дарактар кыйылып жатат,- деген билдирүү келип түшкөн. Автордун айтымында, Токойдун ичиндеги жакшынакай турган бак-дарактарды, кыйып элдерге таратып жатышат. Бул токойго фирма курулат экен. Суунун аркы бети Чаткал райондук токой чарбасына карайт ал эми берки бети Ала-Бука райондук токой чарбасына карайт. Мыйзамдуубу же мыйзамсыз кыйылып жатабы билбейбиз,- деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.