Кыргызстан коронавируска каршы чараларды күчөттү
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTЧек арадагы өткөрмө бекеттерде сырттан келгендер дыкат текшерилүүдө. Ал эми карантиндик зоналар бейтаптарды кабыл алганга даяр, убактылуу обочолонгон жайлар ачылды. Беткап, жеке сактануу каражаттары жана респираторлор жетиштүү. 

Кытайдан Кыргызстанга келип жаткан жарандардын арасында сасык тумоого чалдыккандардан дароо анализ алынып, атайын жайларга убактылуу жайгаштырылууда. 

Өпкөнү сезгентүүчү жаңы вирустун кесепетинен учурда каза болгондордун саны беш жүзгө чамалады. Ал эми сакайып чыккандардын саны 900 адамга чукул.