Кыргыз-кытай чек арасы жабылганга чейин Кытайга кетип, калып калган Ош облусунун 22 тургуну "Эркештам" көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу Кыргызстанга өттү. Алар мобилдик үйлөрдөгү обочолонгон бөлмөлөрдө 3 күнгө чейин адистердин көзөмөлүндө болушат. Алар үчүн зарыл болгон шарттар жергиликтүү штаб тарабынан камсыздалган.
Үч күнгө чейин, мобилдик шаарчаны туруктагандардын тамак-ашын камсыздоо жергиликтүү бийликке-Алай райондук акимчилигине жүктөлгөн. Жолдун ыраактыгын эске алуу менен 3 күндүк азык-түлүк алдын ала камсыздалган. Аталган бекет облустун борборунан 260 чакырым алыста жайгашкан.
Белгисиз вируска байланыштуу чек ара жабылгандан бери аталган көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу бир да жаран, же унаа өткөрүлгөн эмес. Бекет белгисиз мөөнөткө жабылган.