POST1RIGHT
Токмок шаарындагы кургак учук ооруканасынын жабылышына нааразы болгон тургундар "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн. Бул оорукана жабылса, биз каякка барып көрүнөбүз. Ар бир бөлүмдө канчалаган бейтаптар жатат, алар эмне болот. Карапайым элди деле ойлошпойбу? Кеминде да оорукана бар экен, кары-картаңдар кантип барабыз ал жерге, шарты да начар. Бул жердин шарты жакшы, дарыгерлер жакшы карайт. Эмне үчүн жабылып жатат? Ким аркылуу жабылып жатат?- деп суроо салган бейтап.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.