POST1RIGHT
Бишкек шаарынын 12-кичирайондагы Нуркамал көчөсүнүн тургунунан "Элдик репортерго" билдирүү келген.
Бул көчөдө СССР убагынан бери биринчи жолу оңдоо иштери жүргөн мындан 1 жыл мурун. Адам баса турган тротуар жок, мына мынтип базарга барыш үчүн коляска менен унаа жолу менен басабыз же үйлөрдү аралап басканга туура келет. Жаш балдары барларга өтө кыйын, тротуар сала турган жолдо киосктор жайгашкан. Мэрия Каралаев көчөсүндөгү тротуарды айлантып базарга чейин улап берсенер жакшы болмок эле. Рая дүкөнүнүн алдында жакшынакай брусчатка бар эле, аны алышып өзүбүздүкүн коебуз деп 1,5 жыл болду эч нерсе жок, качан тротуар саласынар, жоо баскан адамдардын укугу качан корголот?
Бул имарат 12 кичирайонда жайгашкан ДК борбору, өзүңөр көргөндөй ДК ичине коляска менен көтөрүүлүгө мүмкүн эмес, кафель менен жасалган. ДК алды дагы кафель чоң киши кышында араң басат.
Жайында эптеп бирөө жардам берсе көтөрүлөбүз. Кышындасы кафелден сыйгаланасын. ДК имарататында ЦОН жайгашкан, банк, нотариус, чач тарач, тил курстар бар айла киргенге туура келет. Жыгылып башыбыз жарылса ким жооп берет? Биз 2 жолу кайрылып оңдоп койбойсунарбы десек унчугушпайт администрация чечет деп. Сураныч, стандартка ыйайык пандус орнотуп койгулачы,- деген шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.