Баткенге Кытайдан келген 2 жаранда тең коронавирус аныкталган жок
Новость KTRK/videograp

Баткенге Кытайдан келген 2 жаранда тең коронавирус аныкталган жок. Бул туурасында биздин каналга саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди. Учурда эки жарандын ден-соолугу жакшы, дене табы нормага туура келет. Бирок ага карабастан алар 3 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, атайын даярдалган изолятордо кармалышат. POST1RIGHT

Эске салсак, 5-февраль күнү Кытайдан чыккан 2 кыргыз жараны Тажикстан менен чектешкен “Кызыл-Бел” өткөрмө пункту аркылуу Баткен облусуна өткөндүгү жана алар коронавируска шекүү болгону жөнүндө маалымат тараган. Мунун кесепетинен социалдык түйүндөр аркылуу чындыкка туура келбеген имиш сөздөр айтылып, элдин кооптонуусун жараткан. 

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги чек ара өткөрмө пунктарынын бары дыккат көзөмөлгө алынып, ар бир адам атайын ыкма менен текшерилип, сөзсүз дарыгерлер тарабынан жеринде медициналык кароодон өтүп жатканын эскертет. Кытайдан келген адамдарды чек арада түзүлгөн атайын штабда 3 күндүк текшерүү милдеттендирилген.