POST1RIGHT
Карасаев айыл аймагы райондон айыл аймакка чейин аралык 35 км. Бул жол менен Миң-Булак, Кош-Дөбөө, Арал, Тасма, Чоң-Тогузбай айылдарын бириктирип турат. Анын ичинен 20 км аралык жол асфальтталган, калган 15 км жолдун абалы өтө начар. Жол начардыгынан Карасаев айыл аймагынын тургундарына бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Жол аягына бүткүчө 1 айда 2 жолу жолду сүрдүрүп, ДЭУ кызматкерлери көзөмөлгө алууңуздарды суранабыз,- дейт "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.