POST1RIGHT
Сокулук районунун Комсомол айылындагы Восточный көчөсүндө суу түтүгү жарылып, айыл өкмөт 15 күн мурун келип казып кеткен. Ошол бойдон келишкен жок. Азыр казылган жерге суу толуп, көчөнү каптап жатат. Көчөнүн тургундары өзүлөрү сууну тазалап жатышат. Жаш балдар үчүн өтө эле кооптуулук жаратууда. Унаалар өтө албай убара. Айылда болсо суу жок. Сууну койберсе эле чуңкурга суу толуп, каптап жатат. Тиийштүү мекемелерден жардам күтөбүз,- деген билдирүү жөнөткөн автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.