POST1RIGHT
"Элдик репортер" рубрикасына Бишкек шаарынын четинде жайгашкан конуштардан билдирүүлөр көп келүүдө. Себеби кар ээригенден кийин көчөлөрдү балчык басып, ыңгайсыздык жаратууда. Ак-Босого конушунун Чүй 60 көчөсү начар абалда. Мына мынтип баткак көчөдө тротуар да жок. Жөө адам унаа жолу менен басат. Жолго шагыл төгүп, түздөтүп койсо жакшы болмок,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.