POST1RIGHT
Аламүдүн районунун Байтик айылында ичүүчү таза суу ылай аралаш келүүдө. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн. Аламүдүн районунда таза суу маселеси курч. Суудан ар кандай нерселер чыгууда. Шаардан алыс эмес жерде жашасак да, таза сууга жетпей келебиз. Канча жерге кайрылсак да маселебиз оң жагына чечилбейт. Мамлекет башчы өзү келип, биздин ичип жаткан суубузду көрүп, тийишелүү органдарга тапшырма берсе дейт элек.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.