POST1RIGHT
Күн жылыгандан бери "Элдик репортер" рубрикасына конуштардын баткак көчөлөрү тууралуу билдирүүлөр тынбай келүүдө. Бул жолкусунда Биримдик конушунун Больничный көчүсүнүн жолу тууралуу келген. Көчөнүн жолуна унаа жүргөнгө жана жөө адам басканга мүмкүн болбой калды. Жарыктарда орнотулбагандыктан кечкисин кооптуу. Конуштун түптөлгөнүнө 15 жыл болсо да, эч кандай иштер жүргөн жок. Айыл өкмөтүбүз иштебейт. Канча жолу кайрылдык,- деген окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.