POST1RIGHT
Кочкор районундагы Ормон-хан атындагы парк каралбай калган. Бул парктын тегерек чети тосулган эмес болгону теректер менен тосулган. Бирок администрациядагы кагазга айланасы тосулган деп жазылган экен. Бөлүнгөн каражат максатсыз пайдаланылган. Тегереги тосулбагындан мал-жандыктар кирип булгап жатат. Элдер картошка айдашат ичине. Эс алганга мүмкүн эмес. Таштандыга толгон. Качан ичи сырты оңдолуп, элге пайдаланууга берилет? Тийиштүү органдардан жооп алып берүүңүздөрдү өтүнөбүз,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.