Жолго бөлүнгөн каражатты жээген айыл өкмөт
Новость

POST1RIGHT

Новопавловка айылында жайгашкан Баетов конушунун Арменский көчөсүнүн жолуна жакында эле акча бөлүнүп шагыл төгүлгөн. Бирок Новопавловка айылынын айыл өкмөтү ортодон акча жээп, шагылдын ордуна топүрак чачып кеткенине нааразы болгон тургундар "Элдик репортерго" балчык баскан көчөнү видеого тартып жөнөткөн. 

Новопавловка айыл өкмөтүнүн кылган ишин көрүп алгыла. 400 миң сом кетти дейт ушул жолго. Кантип айтты болду экен. Андан көрө мурунку жолубуз жакшы болчу. Мамлекет башчыбыз акча бөлүнгөндөн кийин артына көзөмөлгө салып турса буларды. Ушинтип четинен жээп жатса, качан өнүгөбүз. Балчык болуп басканга мүмкүн эмес. Президенттен суранат айыл өкмөтүн үстүнөн кылган иштерин текшерип, чара көрүшүн, - деген ачууланган автор.