Жаңы орнотулган трансформатор иштен чыгып, 70 түтүн жарыксыз калды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын күн чыгыш жагындагы Ак-Татыр аймагындагы 16 деген жаңы конушка 2015- жылы 70 түтүнгө ылайыкташтырылган 250 кВА трансформатор келген. Ошондон бери орнотулбай туруп, 2019- жылы орнотулуп, электр түркүктөр, чубалгылар тартылып ишке киргизилген, бирок көп өтпөй эле иштен чыгып калды. Ошондон бери кайрылган жерибиз калган жок. 5 жыл күткөнбүз мына мынтип иштебей калды. Тийиштүү органдардан жооп алып беришиңиздерди сураныбыз, -деген айыл тургуну.