Кытай: коронавирустун жаңы түрүнөн айыккандардын саны 4 миңге жетти
Новость ktrk.kg

Кытайдын саламаттык сактоо комитетинин маалыматына ылайык, коронавирустун жаңы түрүнөн айыккандардын саны 4 миңге жетти. Маалым болгондой, учурда вирусту 42 миңден ашуун адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 7 миң адамдын абалы оор. Өлгөндөрдүн саны миңге жетти. Дүйнө жүзү боюнча бул вирусту жуктуруп алган учур 24 мамлекетте катталган. Алардын ичинен Гонконгдо 42 адам илдеттке кабылган.

Ал арада окумуштуулар коронавирустун инкубациялык мөөнөтү мурда айтылгандай 14 эмес, 24 күнгө созулушу мүмкүн деген божомолго келишти. Вирусту изилдеген топтун мүчөсү Гуань Вэйцзенин айтымында, өлкөнүн саламаттык сактоо маселелерин караган мамлекеттик комитетинин эксперттик комиссиясы жүргүзгөн изилдөөнүн көчүрмөсү интернетке тарап кеткен. Анда Кытайдын коронавирус жайылган 31 аймагында атайын изилдөө жүргүзүлгөнү, натыйжада, илдеттин инкубациялык мөөнөтү 3 күндөн 24 күнгө чейин созулары аныкталган. Бирок Гуань Вэйцзе бул толук тастыкталбаган, алдын ала маалымат экенин айтат. Эгер бул божомол тастыктала турган болсо, илдетке чалдыккан адамды аныктоо мөөнөтү да узарат. Себеби буга чейин вирустун инкубациялык убактысы 14 күн деп белгиленип, ага ылайык, карантин жарыяланган. Изилдөөчүлөрдүн жаңы тыянагы тастыкталса, карантиндин нормаларын кайра карап чыгуу зарылдыгы жаралат, дешет адистер. Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган.