Япониянын Йокогама портуна токтотулган “Даймонд принцесс” аттуу туристтик кемеде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 135ке жетти. Алардын 70и аталган илдетти бир сутка ичинде жуктуруп алгандыгы кабарланды. Буга чейин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ооруга чалдыккандардын саны 65ке жеткенин билдирген.
Аталган министрликтин өкүлдөрү кабарлагандай, алар дене-табы көтөрүлгөн же жөтөлүп баштаган жүргүнчүлөрдү ошондой эле, коронавирус бар деп шектелгендер менен байланышкандарды текшерүүдө. Саякаттоочу кемеде жалпысынан, 3700 жургүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар. Алардын кеминде жарымы Япониянын жараны, калгандары 56 өлкөнүн жарандары. Алардын арасында россиялыктар да бар. Япония бийлиги жүргүнчүлөр ооруну 80 жаштагы Гонконгдук жүргүнчүдөн жуктуруп алышы мүмкүн деп эсептешүүдө. Маалымат боюнча, ал Японияга учак менен учуп, 20-25-январь күндөрүнүн аралыгында "Даймонд принцесс" бортунда болгон. Коронавирусту ал Гонконгдон жуктуруп алышы ыктымал.