POST1RIGHT
Жалал-Абад облусу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Мечит айылынын тургундары жол, суу, жарык маселеси боюнча "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.
Миңбаев көчөсүндө электр түркүктөрүнүн эскилиги жетип, тургундар өзүлөрү теректер менен түркүк жазап орнотуп алышкан. Азыркы убакытта кооптуу абалда турат. Жарыктын кубаттуулугу да абдан эле төмөн. Экинчи маселебиз суу, сууну биз каналдан ташып ичибиз. Жолубузга бир да жолу шагыл төгүлгөн эмес. Азыр кар ээрип жолдорубуз балчык болуп, басканга мүмкүн болбой калды.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.