POST1RIGHT
Сокулук районунун Новопавловка айылына караштуу Поле Чудес жаңы конушунда электр жарыгы улам-улам өчүп тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Кышка толук даяр эмес, бүтө элек жер тамда жашагандар үчүн бул кошумча көйгөй болду.
Бул конушта электр жарыгы бат-баттан өчүрүлүп турат. Кыш мезгилинде күнүгө эле кечкисин жарык жок отурабыз. Эл катары качан жашайбыз? - деп суроо салган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.