Канализация киргизилген конуштардын жолуна көңүл бурулбай келет?
Новость

POST1RIGHT

Ак-Ордо конушунун Ак-Дөөлөт көчөсүнө канализация киргизилип, жол бузулуп, тургундар кыйынчылык тартууда. Бул көчөгө 2005-жылдан бери бир да жолу шагыл түшкөн эмес. Мэрия такыр көңүл бурбайт. Айылда да мындай көчө жок. Шаарга жакын турсак да, ушундай жашоодо жашайбыз. Унаалардын дөңгөлөктөрү тыгылып чыгара албай убара тартып жатабыз. Ал эми балдар мектепке араң барып келишет,- дейт конуштун тургуну.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.