Григорьевка: балык комбинатынын директоруна эл эмнеге нааразы?
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл районунун Садыр аке айыл өкмөтүнүн Григорьевка айылындагы бала бакчаны мурдагы балык комбинатынын директору өз билемдик кылып баптистерге сатып жиберген. Андан тышкары ФАПды, почтаны, клубду да сатып салган. Айыл ичинде 2 скважина бар болчу анын бирин да саткан. Кайрылбаган жерибиз калган жокбуз. Балыктарды сатып, балык комбинаттын да менчик кылып алган. Тийешелүү органдар чара көрүшүн суранабыз,- деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.