Малдан суу талашып ичкен Кашар конушунун тургундары
Новость

POST1RIGHT

Түп районунун Кичи-Өрүктү айылындагы Кашар конушунун тургундары таза сууга жетпей, арыктан суу ташып ичишүүдө. Эл аябай кыйналды, союз убагынан бери таза сууга жетпей келебиз. Кыштын күнү арыктанда суу келбей калат. Коңшу айылдардан суу ташып келебиз. Жергиликтүү бийликтен суранат элек, ушул таза суу маселесин чечип беришин,- дейт айылдын тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.