Абаны булгаган ишканаларга чара көрүлсө...
Новость

POST1RIGHT

Бишкектин абасы менен дем алып, жашаш кыйын болуп калды. Бишкектин абасын, экологиясын ТЭЦ эмес, бул жеке ишкерлер булгап жатат, - деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. Бул ишкана Чолпон-Ата менен Лев Толстой көчөсү кесилишкен жерде жайгашкан. Ишкананын пайда болгонуна бир жыл болуп калды. Эртең менен саат 8 ден баштап түтөтүп баштайт. Түтүнү Аламүдүн районун каптап, дем алыш кыйын болуп жатат. Күнүгө ушундай эртең менен саат 8 - 10 келсенер үстүнөн чыгасынар. Эмне үчүн электр тогун пайдаланбайт, анткени ал кымбат, өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп элдин ден соолугун ойлобойт. Экологдор эмне иш кылышат? Эшикке чыгып рейд жазап иштешпейби сүйлөп эле бөлмөсүндө отура беришбей,-  дейт шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.