Романовка айылындагы ачык турган кудуктун капкагы жабылды
Новость

POST1RIGHT

"Элдик репортер" аркылуу көрсөтүлгөн Сокулук районунун Романовка айылынындагы №2 гимназия мектебинин короосунда ачык турган кудуктун ичи тазалынып, люктун капкагы жабылды. 

Белгилүү болгондой, кеп болуп жаткан канализациялык люк орун алган № 2 мектеп-гимназия Шопоков шаарына карайт. Мындан улам биз шаардын жетекчилигине бул маалыматты жеткирдик. Калаа жетекчилиги маалыматты алар замат, тиешелүү мекемелерге тапшырма берип, көптөн бери ачык турган кудуктун ичи тазаланып, капкагы жабылды.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.