Алтын-Ордо конушунун тургундары эмнеге нааразы?
Новость KTRK/videograp

Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Ордо конушунун тургуну конуштагы күнүгө кайталанчу көйгөйдү тасмага тартып алган. Автордун билдиришинче, жеке үйлөрдүн ажатканаларын соруп, тазалаган унаа конуштун аймагына күнүнө эки жолу келип, саркындыларын төгүп кетет.  

"Биз жашаган жерден 50 метрге жетпеген жерге төгүлгөндүктөн, жыты бизге дароо келип, дем алууга мүмкүн болбой калды. Кыйкырсаң, ышкырсаң да укпайт. Ары барып төккөндөн эригип, ушул БЧКнын жээгине төгүшөт. Ушул маселени кимге айтабыз, ким чечип берет?",- дейт автор.