POST1RIGHT
Октябрь районуна караштуу Алтын-Ордо конушунун көчөлөрүнүн жолу күн жылып, кар ээригенден тургундар балчыкка белчесинен батууда. Көчөлөр менен жөө адам басмак турсун, унаалар жүрө албай калды. Мына мынтип унаалар тыгылып жатат. Конушка канализациялык тутум киргизилгенден кийин башталган, ошол бойдон калды. Окуучулар чыла баткак болуп мектепке барып келишет. Эзилген баткак жолду жок дегенде шагыл төгүп, тегиздеп койсо жакшы болот, мэрия качан көңүл бурат?- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.