Бишкек шаарында кайыр сураган балдар аныкталды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Түзүмдүн маалыматы боюнча, базарларда, соода борборлорунун жанында жана башка адам көп топтолгон жерлерде кайыр сураган өспүрүмдөргө байланыштуу «Лидер» аталышындагы түшүндүрүү-алдын алуу иш-чарасы уюштурулду.
Рейддин жүрүшүндө райондун аймагында кайыр сурап жүргөн 9 өспүрүм аныкталган. Балдар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.