Ысык-Көл облусунун Түп районундагы автовокзалдагы башаламандыктар тууралуу жергиликтүү тургун видео жөнөткөн. Жергиликтүүнүн пикиринде Түп районундагы мамлекеттик автовокзал менчиктештирилип, учурда иштебейт. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу сакталбайт, эски автовокзалдын тушундагы жеке автовокзалда эч кандай шарттар түзүлгөн эмес.
"Менин угушумча биздин эски автовокзал сатылып кеткен, ал эми жеке автовокзалдагы абал ушундай. Кенедей жерде адамдар тыгылып, ушул жерден бардык тарапка кетишет, тартышып-түртүшүп",- дейт автор.