Коронавирус илдеттинин жайылышына каршы аракеттерге колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Жалпысынан 7 тоннанын тегерегиндеги жүк "Торугарт" көзөмөл өткөрүү пунктуна чейин жеткирилди.
Кыргызстандан Кытайга жардам катары антисептикалык жана зыянсыздандыруучу, жеке коргоочу медициналык каражаттар жөнөтүлдү.