Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл аймагы, ошондой эле Дейнөө айылынын жолдору айыл өкмөт тарабынан тазаланбайт. Жергиликтүү тургундар билдиргендей, кардын жаашы менен айыл тургундары өздөрү күрөк көтөрүп, жолдорду өз күчтөрү менен тазалашат.
Кардын калың жааганына байланыштуу айыл тургундары айыл өкмөтүнөн жолдорду убагында тазалатып турууну жана айыл үчүн грейдер бөлүп берүүнү суранышат.