Кытай жарандарына Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

20-февралдан тарта Кытайдын жарандарына Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салынды. 

Аталган буйрукка премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Тыюу туризм, билим алуу жана жумушка орношууга тиешелүү. Миграциялык кызмат документтерди кабыл алууну токтотту. 

Маалыматтарга караганда, өкмөт муну "Кытайда эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жана Кытай жарандарынын Орусия Федерациясынын аймагына келип жатканы уланып жаткандыгына байланыштуу көрүлгөн чара", - деп түшүндүргөн.