Малайзиянын 94 жаштагы премьер-министри отставкага кетти
Новость KTRK/videograp

Малайзиянын 94 жаштагы премьер-министри Махатхир Мохамад отставкага кетүү үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары билдирди. 

Буга чейин Махатхир жетектеген партия “Үмүт альянсы” башкаруучу коалициясынын курамынан чыгарылган болчу. Бул саясий курам 2017-жылы түзүлүп, 4 оппозиция партияларын бириктирген. 2018-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан Махатхир 2 жыл эле премьер-министр болуп, андан соң бийликти курамдагы ири партиянын лидери Анвар Ибрагимге өткөрүп бермек. 

Мындай келишим ошол убакта 71 жаштагы Анвардын түрмөдө болушу менен түшүндүрүлгөн. “Үмүт альянсынын” шайлоодогу жеңишинен соң Жогорку сот Анварга ырайым кылып, бийликке келүүсүнө уруксат берген. Бирок, Махатхир 2020-жылдын ноябрынан соң гана бийликти өткөрүп берерин айткан болчу.