Көлмө конушу: көчөнүн жолун тороп, мыйзамсыз салынган участок
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Көлмө конушунун Алтын-Бешик көчөсүндө көчөнүн жолун тороп, мыйзамсыз участок салынган. Жол абдан эле тар болуп калган. Бул жерди мурунку квартал башчылары сатып жиберишкен. Участок прокуратурада иштеген кызматкерге тийешелүү экен. Эмне аларга мыйзам иштебейби? Мурун жакшынакай эле кенен көчө болчу. Шаар мэриясы ушул маселени оң жагына чечип беришин өтүнөбүз деген ,- автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.