Түрмөнстандын жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиясындагы аварияга байланыштуу Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо 13 эсеге азайды. Бул тууралуу «Өзбекстандын улуттук электр тармактары» компаниясы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-февралда Түркмөнстан менен Өзбекстанды байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиясында авария болгон. Натыйжада түркмөн электр кубатын экспорттоо 780 МВттан 60 МВтка чейин азайган.
22-февралда түркмөн энергетиктери абалды жөнгө салганы тууралуу маалымат тараган. Электр кубатын экспорттоо жакынкы күндөрү калыбына келтирилет.
Түркмөнстандын расмий басылмалары бул тууралуу маалымат тараткан жок.
Өзбекстан түркмөн электр энергиясын 2019-жылдын 1-декабрынан тарта импорттоп баштаган.
Учурда Өзбекстан саатына 69 млрд кВт электр энергиясын пайдаланат. Өлкө Тажикстан жана Казакстандан да электр кубатын сатып алат.