Кара-Бак: чириген электр мамычасы кулаганы турат
Новость

POST1RIGHT

Баткен облусунун Кара-Бак айылынын Достук көчөсүндө электр мамычасы кооптуу абалда турат, -деген автор "Элдик репортерго" билдирүү калтырган. Электр мамыча эскилиги жетип, чирип, кулаганы турат. Тегерегинде жаш балдар ойноп жатат. Айыл өкмөткө кайрылсак, РЭСке баргыла дейт, алар болсо колубуздан келбейт дейт. Кимге кайрыларыбызда билбей калдык,- дейт автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.