Деген менен абалды дүйнөлүк масштабдагы жайылуу же пандемия катары сыпаттоого болбой тургандыгын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирүүдө. 25-февралга карата жаңы вируска чалдыккандардын саны Кытайда 77 миңден ашса, 2,500 миңден ашыгы көз жумду, ошол эле учурда оорудан 27 миңден ашык киши сакайды. Мындан тышкары Кытайдын вирус тараган Ухань шаарында мурда ооруп, айыккан 200 бейтап экинчи жолу вирусту жуктуруп алгандыгы кабарланды.
Кыргызстанда болсо коронавирустун учуру катталган жок. Япония, Түштүк Корея жана Ирандан, ошондой эле Кытайдан келгендер 14 күн атайын даярдалган жайларда карантинде кармалууда. Учурда 146 киши медиктердин көзөмөлүнө алынган.
Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"