POST1RIGHT
Электрондук кызматтар боюнча порталга дагы эки сервис кошулду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Мындан ары мекеменин сайты аркылуу "Балага сүйүнчүнүн" төлөмдөрүн жана нике күбөлүгүнүн аныктыгын текшерүүгө болот. Ишти "Үй-бүлө жана бала" бөлүмүнөн аткаруу каралган. Ал үчүн документтердеги маалыматтарды кийирүү жетиштүү.
Мамкаттоонун электрондук кызматтар жөнүндөгү порталы - атайын түзүлгөн платформа. Андан унаа тууралуу маалымат, айып пул, каттоо, паспорт алуу сыяктуу бир катар кызматтар көрсөтүлөт.