POST1RIGHT
Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Дмитров көчөсүнүн жашоочулары жол көйгөйү курч экенин айтып кайрылган. Көрүүчү жиберген видеого көз сала турган болсок, абал чындыгында эле оор экенин көрүүгө болот. Башкача айтканда мындагы көлчүктөрдөн кайык менен сүзүп өтсө болчудай. Айрыкча мектеп окуучулары кыйналып жатканын айткан автор айыл өкмөткө кат менен кайрыла берип чарчадык, эч кандай жооп жок деп ачууланган.