Үрүмчүдөн келген Кыргызстандын 40 жараны карантинден чыгарылды
Новость KTRK/videograp

Кытайдын Үрүмчү шаарынан келген Кыргызстандын 40 жараны милдеттүү түрдө өтүлүүчү 14 күндүк карантиндин мөөнөтүнүн аякташы менен үйлөрүнө чыгарылды. 

Абалдары канааттандыраарлык. “Ак-Жол” өткөрмө пунктунан тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин, алар убактылуу обочолонгон жайларга карантинге жайгаштырылган жана коронавирустун жаңы түрүнө эки жолу анализ алынган. Карантин мезгилинде алар менен медициналык кызматкерлер гана байланышта болду. Эске салсак, 2020-жылдын 13-февралында Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Кыргызстандын 40 студенти казак тараптын жардамы менен келген.