Өлкөнүн бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайларында коронавирустун алдын алуу боюнча окутуулар, түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Ар бир класс жетекчи, мугалимдер дарыгерден кеңеш алып, вирустан коргонуунун чараларын балдарга жеткирип жатышат. Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги биргелешип өткөрүп жаткан иш-чара жалпы өлкөгө жайылтылууда.