Хорватиянын дарыканаларынан медициналык беткаптар жоголуп, ал интернет айдыңында кымбат баада сатылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Дүйнөнү дүңгүрөткөн коронавирус Хорватияга жетти деген кабар келгенден тарта, өлкөнүн дарыканаларында медициналык беткаптар жоголгон. Сатып алууга беткаптар калбай калганда, интернет айдыңында жарыялар пайда боло баштаган. Ал дарыканада 2,5 евродон сатылып жаткан болсо, интернетте баасы 20%га кымбаттап, 50 еврого чейин бааланууда.
Дүйнөнүн эң бай адамдары 1 күндө миллиарддарынан айрылышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты. Коронавирустун жайылышы менен экономикага залалын тийгизет деген коркунучтан улам алар 24 саатта 139 миллиард доллардан кол жууган. “Forbes” журналынын жыйынтыгы менен эң бай делген “LVMH” компаниясынын башкы директору Бернар Арно жана “Амазондун” башчысы Джефф Безос экөө тең 5 миллиардга жакын доллардан айрылышты. Испаниялык “Zara” соода түйүнүнүн кирешеси 4 миллиард долларга, “Фейсбуктун” негиздөөчүсү Марк Цукерберг 3 жарым миллиард долларга, ал эми “Google” компаниясынын кирешеси 3 миллиард долларга төмөндөдү.
Рио-де-Жанейро салттуу карнавал жыйынтыкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялады. Костюмдар парады, бий менен коштолгон шаан-шөкөттүү карнавал кооздугу менен атагы алыска чыккан. Бул жүрүш бир гана шаңга болөнбөстөң, калаа тургундары өлкөнүн көйгөйүн да көрсөтө алышты. Карнавалдын негизги өзөгү эң мыкты самба мектебинин парады. Анда бийдин ар бир кыймылына, музыкасына, кийген кийимине чейин 40 кишиден турган калыстар тобу тарабынан жеңүүчү аныкталат. Майрамдын соңку күнү шейшембиге туура келгендей кылып пландалат. Андан соң шаршембиден тарта 40 күндүк католиктердин орозосу башталат. Белгилей кетсек, Бразилиядагы карнавалды көрүү үчүн дүйнөнүн ар кайсы бурчунан миллиондогон туристтер келип, жалпы жонунан катышуучулар менен кошо санаганда 4 миллиондой элди түзөт.
Кино сүйүүчүлөрдүн көңүлү Берлинде өтүп жаткан 70 - Эл аралык кинофестивалга бурулууда. Бул тууралуу Германиянын маалымат булактары жазууда. Дүйнөлүк премьерасы болуп, башкы сынактан өткөн тасмалардын катарына Келли Рейхарддын “Биринчи үй” кино тасмасы да кирет. “Бул тасма достук тууралуу. Эки адам башка өлкөгө барып өзүн жалгыз жана чоочун сезишет. Аларды курчап тургандар өтө орой жара ырайымсыз, бирок алар андай эмес” Алар өздөрүн бул дүйнөгө батпагандай сезишет” – дейт башкы ролдордун бирин аткарган актер Орион Ли. Жана ошондой эле бул сынакка франциялык режиссер Филипп Гаррелдин “Туз жаш” тасмасы кирди. Аны жаңы толкундун артыкчылыктуусу деп эсептешет. Тасма ак-кара түстө чагылдырылып, Парижге алгачкы жолу келген Люк тууралуу баяндалат.
Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”