Коронавирусту алдына алуу максатында саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрлиги өлкөнүн окуу жайларында 5 мүнөттүк ден соолук саатын киргизди.
Күн сайын биринчи сабак алдында балдарга илдет тууралуу түшүндүрүү иштерин мугалимдер менен дарыгерлер жүргүзүүдө. Окуучуларга коронавирустан сырткары сасык тумоо, сарык оорулары боюнча дил баяндар жаздырылууда.
Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"