Ал арада Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш тараптар коронавирустун таралышын алдын алуу үчүн биргелешип күрөшүү керек деп билдирди. Ал мындай пикирин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча борборунда, ошол эле уюмдун башкы мүдүрү Тедрос Аданом Гебреисус менен биргеликте өткөн брифингден кийин маалымдаган. Башкы катчынын айтымында, илдет менен күрөшүүгө акыркы үч айдын ичинде 675 миллион доллар кетет. Гутерриш Кытайда коронавирусту азайтуу максатында жасалып жаткан аракеттер жакшы тенденция экенин айтып, ошондой эле бул багытта ийгиликтерге үмүттөнөрүн билдирди.
“Бардык өлкөлөр - эми бул илдет дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдү кооптондурган маселе. Ошондуктан бири-бирибизге жөлөк болуп, даяр турушубуз керек. Ооруну токтотууга мүмкүн. Бирок, мисалга алсак, бир мамлекет буга каршы аракет жасап, калганы керектүү аракетти кылбаса анда жагдайды айтуу кыйын. Бул кырдаалдын кесепетинен саламаттыкты сактоо жана дүйнөлүк экономика жабыркашы мүмкүн”,- деди БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш.